Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Стамбулдун мэри Таксим аянтындагы атайын операция уланаарын билдирди


Анда калаа башчысы Хусейн Авни Мутлу Таксим аянтын өкмөткө каршы акциянын катышуучуларынан толугу менен бошотмоюнча күнү-түнү полициянын атайын операциясы улана берет деп убада берди.

Мутлунун бул билдирүүсүнө карабай, Стамбулдагы нааразылык акциялар токтогон жок. Аянтка чыккан демонстранттарды полиция көздөн жашы агызчу газ колдонуп таратууга аракет кылды. Демонстранттар болсо полицияга таш, кара май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Бул кагылыштан жараат алгандар арбын экени айтылып жатат. Дал ушундай эле акция баш калаа Анкарада да өттү.

Кечээ Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өкмөткө каршы нааразылык акциясын уюштургандарды деструктивдүү саясий максатты көздөгөндөр башкарып жатат деп айыптап, Таксим аянтындагы демонстранттарды күч менен сүрүп чыгууга буйрук берген.

Бул аянттындагы Гези паркынын ордуна ири дүкөн курууну каалаган өкмөттүн планына алгач 31-майда экологдор нааразылык билдирип чыгышкан. Алардын күч менен таркатылышы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын саясатына каршы болгондорду бириктирип, өкмөткө нааразылык толкуну бүтүн өлкөгө таркап кетти.

XS
SM
MD
LG