Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Маматалиев: КТРК курч маселелерге көңүл бурбай жатат


Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңеши өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча Жогорку Кеңеште отчет берүүдө. Депутат Абдырахман Маматалиев КТРК курч маселелерге көңүл бурбай, аймактардагы айрым маанилүү маалыматтар берилбей жатканын айтты. Мындан сырткары айрым депутаттар КТРК өзү жан тарткан депутаттарды сүйлөтүп, калыс мамиле жасалбай, бир тараптуу маалыматтар берилип жатат деп сынга алышууда.

Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Коомдук каналга айландырылган. 2010-жылы 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш үч жылдык мөөнөткө дайындалып, бирок былтыр жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу таратылып, башкасы түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG