Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Атамбаев Нарындагы ГЭСтер каскадынын пайдубалын түптөөгө катышты


Жогорку Нарын ГЭСтердин пайдубалын түптөө аземининин алдында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ал кыргыз экономикасына пайда алып келчү курулуш иштери башталып жатканын, анын аягына чыгуусуна өлкөдөгү стабилдүүлүк да таасир этерин белгиледи. Мындан сырткары Сары-Жазга дагы 3 ГЭС куруу пландалып, бул боюнча Кытай менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. Азыр анын долбоору түзүлүүдө.

Нарын-1 ГЭСи 2016-жылы бүтөт деп пландалууда. Калган үч ГЭС 2019-жылы ишке киришет. Курулуш иштерине Нарындан 1500дөй адам тартылат. “Русгидронун” талаптарына ылайык адистер сынактын негизде алынат. ГЭСтердин агрегатына суу тартып келүүчү канал 25 чакырымды түзүп, 67 гектар жерди ээлейт.

Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, үлүш болсо теңме-тең бөлүнмөкчү. Жогорку Нарындагы ГЭСтердин баштапкы баасы 400 млн. доллардын тегерегинде болжолдонууда. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG