Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары ортосунда чыр чыккан Баткендин Самаркандек айылында кырдаал тынч. Эки өлкөнүн чек арачылары чектеш аймактарда жашаган тургундар ортосунда чыр, талаш-тартыштарды болтурбоонун, алдын алуунун жолдорун 10-июнда талкууга алышты. Кырдаалды турукташтыруу үчүн ушул тапта Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Раимберди Дүйшембиев Баткенде жүрөт.

10-июнда кечинде Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундарынын ортосунда кечке жуук чыр чыгып, калайман мушташка айланып кете жаздаган. Окуя болгон жерге дароо жетип барган милициянын ыкчам тобу жаатташкан тараптарды бири-бирине жеткирбей токтотуп калган. Чырдын чыгышына чек арадагы жер талаш себеп болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG