Дүйнөдөгү эң кары адам деп саналган жапониялык Жиро Эмон Кимура бүгүн эртең менен Киотодогу ооруканада көз жумду.
АКШда 115 жаштагы америкалык аял былтыр кайтыш болгондон кийин Кимура "Гиннестин дүйнөлүк рекорддор" китеби тарабынан Жер шарындагы эң кары адам деп таанылган эле. Кимура 116-туулган күнүн апрелде белгилеген. Ошондо узун өмүрүнүн сырын сурашканда, "мен так айта албайм. Балким асмандагы күндөндүр. Мен ар дайым башымды көтөрүп, көк асманды карайм. Мен ушундай адаммын",- деген эле.
Кимура 40 жылдай почтада иштеген, жети балалуу болгон.