Орусиялык белгилүү эколог Сурен Газарян Эстониядан саясий башпаанек алды. Маалыматтарга караганда, Эстониянын бийликтери Газарянга үч жылга виза берди. Газарян бул өлкөгө жарым жыл мурда качып келген. Оппозициядагы Координация кеңешинин мүчөсү болгон Газарян акыркы жылдары Сочидеги келерки жылдагы Кышкы олимпиада оюндарына карата токойлордун кыйылышына каршы күрөшү менен таанылды.
2011-жылы Газарян Краснодар крайынын акиминин резиденциясынын жанындагы нааразылык акциясынан кийин камакка алынган эле. Бир жыл мурда ал өзүнө каршы сот иши козголуп, курулуш жайында коопсуздук кызматкерлери өлтүрөбүз деп коркуткандан кийин Орусиядан качып чыккан.