Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Исмаилова: Жогорку Кеңештин токтому Башмыйзамга каршы келет


“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бул токтом Башмыйзамдын 25-беренесине жана парламенттин регламентине каршы келет.

Башмыйзамдын бул беренесинде жарандардын чет өлкөгө эркин кирип-чыга алаары көрсөтүлгөн. Исмаилова бул токтом кабыл алынганга чейин эч кандай укуктук экспертизадан өтпөгөнүн да кошумчалады. Мындан улам укук коргоочулар жарандардын эркиндигин чектеген токтомдун мыйзамдуулугун карап көрүүнү өтүнүп, эртең Жогорку Кеңештин этика жана регламент комитетине кайрылмай болушту.

Бүгүн Жогорку Кеңеш чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча токтом кабыл алды. Мындай токтомдун демилгечиси, депутат Ыргал Кадыралиева муну менен миңдеген кыздарды эмгек жана сексуалдык кулчулуктан, алдамчылардын торуна түшүп калуудан коргой тургандыгын билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG