Европа Биримдигинин Экономикалык иштер комиссары Алли Рен комиссия бул корпорацияны жабууну көздөгөн эмес деп ырастады:
- Европа Комиссиясы Грециянын мамлекеттик радио-теле корпорациясын жаптырууга аракеттенген эмес. Комиссия грек өкмөтүнүн мамлекеттик тармакты башкаруу мандатына кийлигишпейт. Грек өкмөтүнүн чечими грек экономикасын жаңылоо багытындагы олуттуу иш-чаралардын чегинде кабыл алынган.
Карызга баткан грек өкмөтү акчаны үнөмдөш үчүн, мамлекетке караган теле-радио корпорациясынын ишин убактылуу токтотконун жарыялады. Мамлекеттик теле-радио каналдын жабылышына нааразы болгон миңдеген киши демонстрацияга чогулду. Журналисттер имараттан чыгып кетүүдөн баш тартууда. Грецияга 315 миллион доллар сунуш эткен эл аралык куткаруучулар чыгымдарын кыскартууну талап кылды.