Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады. Ага ылайык, Баткендин Самаркандек айылында 12-июнда Кыргызстандын чек арачысы документтерин текшерүү максатында унаа менен келаткан тажик жаранын токтотууга аракет кылганда ал сүзүп кеткен. Учурда чек арачы Баткенде ооруканада жатат, абалы туруктуу.
Ошол эле күнү кечинде бул окуяга жаалданган Самаркандек жана Паскы-Арык айылынын тургундары Тажикстандын Чорку айылына кетчү жолду бууган. Андан кийин эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, кыргыз тарап тажик кесиптештеринен окуяга күнөөлүүнү аныктап жазага тартууну талап кылган. Жолугушуудан соң кыргыз чек арачысын сүзгөн тажик жараны кармалганы маалым болгон.
Тажик тарап материалдык чыгымды өндүрүлүп берилет, күнөөлүү жоопко тартылат деп ишендирүүдө. Кыргыз чек ара кызматы бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатат жана ал иштер аяктамайынча Чорку – Паскы-Арык – Шуроб жолу жабык болот. (EBM)