Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Кара-Сууда "Хизб-ут Тахрирдин" активдүү 9 мүчөсү кармалды


Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында "Хизб-ут Тахрир" диний уюмунун активдүү 9 мүчөсү кармалды. Алар Ички иштер министрлигинин Онунчу бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн атайын операциянын негизинде 12-июнь күнү колго түшкөн. Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин Ош облусу жана шаары боюнча башка башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Колго түшкөндөрдүн эң жашы 29, улуусу 53 жашта. Бардыгы Кыргызстандын жарандарды. Аларды кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция учурунда үйлөрүнөн экстремисттик маанайдагы DVD дисктер, китептер, баракча жана журналдар табылган. Ошондой эле диний кастыкты козуткан материалдарды бар компьютер чыккан.

Учурда кармалгандар камакта сурак берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG