АКШ өкмөтүнүн жарандарды электрондук көзөмөлдөө программасы бар экенин ашкере кылган америкалык жаран Гонконгдо калууда жана Кошмо Штаттарга мүмкүн болчу экстрадициялоого каршы күрөшүүдө.
Эдвард Сноуден South China Morning Post гезитине берген интервьюда Гонконгго соттон качып эмес, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин адамдарды мыйзамсыз аңдып-тыңшоосун ашкере кылганы келгенин айтты. Улуттук коопсуздук агенттигинин директору, генерал Кит Александр шаршемби күнү Сенаттын комитетинде сүйлөп, электрондук көзөмөлдөө АКШнын өзүндө жана тыш өлкөлөрдө ондогон террордук операциялардын бетин ачканга жардамдашты деди:
-Мен жашыруун документте алардын болжолдуу санын көрсөттүм. Бул операциялар ондогон террордук кылмыштын алдын алууга жардамдашты.
АКШнын тийиштүү кызматтары азыр Эдвард Сноудендин жашыруун программа жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарып жибергенин иликтөөдө.