Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Грекияда жалпы улуттук иш таштоо өтүүдө


Грекияда мамлекеттик ЭРТ телерадиокомпаниясынын жабылганына байланыштуу жалпы улуттук иш таштоо өтүүдө. Андан улам бейшемби күнү эл ташыган автобустар, поезддер жана кеме-кайыктар токтоду. Мамлекеттик мекемелер жабылып, гезиттер чыккан жок. Жалгыз гана ооруканалар иштөөдө.

Авиакаттамдарды тейлөө кызматы жарым күн гана иштеген жок. Иш таштоонун демилгечиси - Грекиянын эки чоң профсоюздук уюму болду. Грек өкмөтү акчаны бейсарамжал коротууда, сабатсыз башкарылууда деп, телерадиокомпанияны шейшемби күнү кечтен тарта жапканда, анын 2600дөй кызматкери ишсиз калган. Анын ордуна чаканыраак компания түзүлмөкчү.

Греция 240 миллиард евро насыя алуу үчүн, эл аралык донорлордун талабына ылайык, бюджеттик чыгымдарды кыскартып, салыкты көтөргөнгө макулдук берген. Казынадан ЭРТга жылына 300 млн евро сарпталчу.

XS
SM
MD
LG