Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган эки аптадан бери уланып жаткан нааразылык акциясынын айрым катышуучулары менен жолугуп, акцияларды токтотууну суранды.
Жолугушуу бүгүн таң эртеден Анкарада өттү. Ошол эле маалда Стамбулдун мэри Хусейн Авни Мутлу Таксим аянтындагы демонстранттар менен жолугууну сунуш кылды. Жолугуу алдында Эрдоган демонстранттарга акыркы эскертүүсүн жасаган. Бейшемби кечинде теле аркылуу кайрылуусунда түрк өкмөт башчысы демонстранттарды Таксим аянтын бошотууга чакырып, эгер бул сунушка көнбөсө полиция мындан ары чыдап карап тура албасын эскерткен. Бирок бул эскертүүлөргө карабастан бүгүн түнү миңдеген демонстранттар аянтта түнөдү. Түркияда антиөкмөттүк акциялар 31-майдан бери уланып жатат.