Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:59

Түрк премьери демонстранттар менен жолукту


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган эки жумадан бери токтобой келаткан демонстрациялардын катышуучулары менен Анкарада жолукту.

Бирок митингчилер премьердин Стамбулдагы Гези паркын бошотуу жөнүндөгү акыркы эскертүүсүнө көңүл бурушкан жок. Өткөн түнү да Таксим аянты менен Гези паркында миңдеген киши чогулуп турду. Эрдоган жетектеген "Адилет жана өнүгүү” партиясынын басма сөз катчысы кездешүү позитивдүү болгонун айтып, демонстранттар парктан кетүүгө тийиш деп кайталады.

31-майда активисттер Стамбулдагы Гези паркында курулуш баштоо долбооруна каршы чыгышкан. Демонстрациялар Түркиянын башка шаарларына да жайылып, полиция менен кагылышууларда 5 киши мерт кетти, бир нече миңи жарадар болду.

XS
SM
MD
LG