Аргентинанын мурдагы президенти Карлос Менем 1990-жылдары БУУнун эмбаргосуна карабай, Эквадор жана Хорватияга мыйзамсыз курал ташыгандыгы үчүн айыптуу деп табылып, 7 жылга кесилди.
Буэнос Айрес шаарынын соту 82 жаштагы Менем жаза мөөнөтүн дароо өтөй баштасын деп өкүм кылды. Бирок экс-президент азыр сенатор болгондуктан, парламент кол тийбестигинен ажыратууга макулдугун бериши керек.
Менем 1989-99-жылдар аралыгында эки ирет президент болгон. Ал жашыруун келишимге кол койгонун моюнга алды, бирок курал-жарак Венесуэла менен Панамага ташылганын билдирди. Экс-президент Жогорку сотко апелляция бере алат.