Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Ирандагы президенттик шайлоодо Хасан Рухани алдыда

Алдын ала маалыматтар боюнча Иранда 14-июнда өткөн президенттик шайлоодо 64 жаштагы шииттердин лидери Хасан Рухани алдыда келатат.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлагандай, бюллетендердин жарымы эсептелип бүткөн соң, ал  добуштардын 51 пайызын алган.

Экинчи орунда  - Тегерандын мэри Мохаммад Бакар Калибаф. Ага  шайлоочулардын 15 пайызы добуш берген.

Добуштардын баары эсептелгенде Рухани 50 пайыздан көп алса, ал биринчи айлампада эле жеңиши ыктымал.

Президенттикке Иранда 6 талапкер катталган. Эгерде эч ким добуштардын көп бөлүгүн ала албаса, 21-июнда экинчи тур болот. Жаңы президент экинчи мөөнөтүн аяктап жаткан Махмуд Ахмадинежадды алмаштырат. (AiK)
XS
SM
MD
LG