Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Үч депутаттын соту бүткөнү калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады. Анын айтымында, буга чейинки жараяндарда иштеги болгон материалдар каралып бүттү. Эми кийинки жумадагы жараяндарда тараптар жарыш сөзгө чыгып, айыпталуучулар акыркы сөзүн айтат, андан соң сот өкүм чыгарат.

29-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Коомдук ишмер Кубат Кожоналиев болсо толугу менен акталган. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи инстанцияга арыз менен кайрылышкан болчу.

Депутаттар өткөн жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү менен коштолгон митингде бийликти басып алуу аракети болбогонун билдирип келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG