Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Иран: Руханинин тарапкерлери жеңишти белгилөөдө


Ирандагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Хаман Руханинин миңдеген тарапкерлери Тегерандын көчөлөрүнө чыгып, анын утушун белгилеп жатышат. Реформачыл топтор колдогон 64 жаштагы Хасан Рухани жума күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында биринчи турда эле шайлоочулардын 50,7 пайыз добушун алып, жеңишке жетти. Экинчи орунда - Тегерандын мэри Мохаммад Бакар Калибаф. Ага шайлоочулардын 15 пайызы добуш берген. Телекайрылуусунда Рухани өз жеңишин байистүү баалуулуктардын экстремизмдин үстүнөн утушу деп атап, дүйнөлүк державаларды Иран менен мамилесин жакшыртууга чакырды.

Шайлоого катышкан Руханиден башка 5 талапкер тең диний лидер Аятолла Хаменеиге ыктаган консерватор саясатчылар болчу.

XS
SM
MD
LG