Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөш комитети бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияны талкуулайт. Аталган комитеттин мүчөсү, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Дастан Жумабековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Каттоо кызматын текшерүү үчүн бир ай мурда жумушчу топ түзүлгөн. Иликтөөнүн негизинде аталган кызматта мамлекеттик сатып алууга байланыштуу коррупциялык элементтер бар экени, мунун айынан өлкө казынасына ири зыян келгени аныкталган. Ошондой эле кадр маселесинде мүчүлүштүк бар экени белгилүү болгон. Депутат бул маселе комитетте каралгандан кийин парламенттин жалпы жыйынында да талкууланарын айтты. (EBM