Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Атамбаев: Кыргыз тилин өнүктүрүүгө эми акча аябайбыз


"Мындан ары кыргыз тилин өнүктүрүүгө мамлекет акчасын аябайт",- деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул багытта жүргүзүлө турган иш-чараларды каржылоо көлөмү келерки жылдан тарта кеминде эки эсе жогорулашы керек экенин айтты. Тил саясаты көпкө созулуп кеткен талкуудан иш жүзүнө ашкан аракетке өтүүсү зарыл экенин кошумчалады. Жыйында бирдиктүү тил саясаты жөнүндөгү жарлыктын долбоору талкууланды.

Жакында Алмазбек Атамбаев парламент иштеп чыккан “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн парламентке кайтарып берген. Анда жогорку мамлекеттик кызматка келчүлөр кыргыз тилин мыкты билиши керек деген талап жазылган жана көрнөк-жарнактарда кыргыз тилин туура эмес жазгандарды айыпка жыгуу чаралары каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG