Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Ошто Этнос аралык кеңештин жыйыны өттү


Ошто Этнос аралык кеңештин экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Жыйынга аталган мекеменин жетекчиси Накен Касиев катышты. Жер-жерлерде жарандарды кабыл алуу боюнча коомдук пункттарды ачуу чечими кабыл алынды. Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында атайын бала бакча ачылмай болду. Бул айылдын тургундарынын көпчүлүгүн тажик улутундагылар түзөт.

Кыргызстанда жашаган ар улуттагы 25 адамдан турган Этнос аралык кеңеш быйыл апрелде түзүлгөн. 2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абадда кыргыз, өзбек улутундагылар ортосунда чыккан жаңжалдан 400дөн ашуун адам өлгөн.(RK)

XS
SM
MD
LG