Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:31

Депутаттар соту: өкүм угузула башталды


Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын ишин териштирүүнү аяктап, ушул тушта өкүмдү окуп жатат. Бүгүнкү сотто мамлекеттик айыптоочу Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми соттолуучулардын адвокаттары алардын толугу менен акталышын өтүнүүдө.

Сот процесси ызы-чуу менен коштолду. Буга судьянын өкүм 24-июнда чыгат деп билдиргени себеп болду. Кийинчерээк бул чечим өзгөрүп, өкүм бүгүн угузулуп жатат. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG