Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Тажикстанда тымызын иштеген медреселер ашкереленди


Тажик полициясы Дүйшөмбү шаарынын жанында каттоодон өтпөгөн эки медресе аныкталганын билдирди. Өлкөнүн ички иштер министринин кеңешчиси Жуманазар Рахматов - бул медреселер тууралуу беш жашар баланын жоголушуна байланыштуу шектүү адамды суракка алуу учурунда маалым болгонун “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлады. Рахматов ошол эле мезгилде диний мектепте окуган балдар уурдалып алынып келген деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, балдар ата-энелеринин макулдугу менен окуп жаткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG