Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Ооган армиясы өлкө коопсуздугуна өзү жооп бере баштады


Президент Хамид Карзай өлкөдөгү коопсуздук операциялары үчүн жоопкерчилик бүгүндөн тарта Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө өткөнүн билдирди. Бүгүн НАТО башындагы күчтөр акыркы районду көзөмөлдөөнү Ооган армиясы менен полициясына өткөрүп берди. НАТОнун башкатчысы Андерс Фогс Расмуссен Кабылдагы салтанатта сүйлөп: “Он жыл мурда Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жок эле. Беш жыл мурда айрым бөлүктөр бар болчу. Бүгүн силерде 350 миң аскер жана полиция бар. Бул айбаттуу күч”, - деди.

Кабылдын башка четинде жанкечти көрүнүктүү хазар саясатчысы, парламент мүчөсү Мохаммед Могакикке кол салды. Могакик жанкечтинин бомба чабуулунан үч адам өлгөнүн, өзү аман-соо экенин “Азаттыктын” ооган кызматына билдирди.
XS
SM
MD
LG