Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Укук коргоочулар социалдык өнүгүү министринин айтканына кабатыр


Кыргызстандын социалдык коргоо тармагын реформалоо демилгелери боюнча жарандык коалиция бүгүн билдирүү таратты. Укук коргоочулар социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин өлкөдөгү интернаттардын имаратын оңдоп-түзөө боюнча айтканына кабатырлануусун билдирген. Журналисттерге шилтеме жасаган укук коргоочулар "министр эскилиги жетип калган интернаттардын имаратын спонсорлор бөлгөн акчага оңдогону жатат, бул адам укугун бузуу" деп айтууда. Алардын пикиринде, мамлекет балдар жана карылардын интернатка түшүп калуусуна жол бербей турган шарттарды түзүүгө умтулуусу зарыл.

Социалдык өнүгүү министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, Кудайберген Базарбаев жакында интернаттарды кыдырганда алардын жетекчилери айрым бизнесмендер жана жөн гана жарандар оңдоп-түзөө, дары-дармек, азык-түлүк жагынан жардам берүүгө даяр экенин айткан. Министр мындай кайрымдуулук демилгелерге каршы эмес экенин билдирген.

Социалдык өнүгүү министрлигинин карамагында 15 үй-интернат бар, алардын үчөөндө психоневрологиялык жагынан доо кеткен балдар багылат. (RK)

XS
SM
MD
LG