Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Казакстанда баласын жанкечтиликке тарбиялаган аял соттолду


Бүгүн Казакстандын Атырау шаардык соту 12 жаштагы өгөй баласын жанкечтилик кылганга үйрөткөн келинди жети жылга абакка кести. Жабык өткөн сотто 18 жаштагы келин терроризмди ташбыйкаттаган, жаш балага зобун-зордук көрсөткөн деп айыпталды. Бийликтердин билдиришинче, жаш аял өгөй баласын пайдаланып, Улуттук коопсуздук комитетинин имаратында бомба жардырууну мерчемдеген. Аялдын күйөөсү былтыркы антитеррордук операция кезде өлтүрүлгөнү айтылат. Акыркы айларда Батыш Казакстандын Атырау жана башка шаар-кыштактарында ислам экстремисттери жана террорчулар деп шектелген бир нече адам камакка алынган. Былтыр күздө коопсуздук кызматтары Атырауда жана Кулсары шаарчасында өткөргөн эки операция учурунда согушчан деп шектелген тогуз эр-азамат өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG