Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Транзиттик борбор боюнча мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү


Жогорку Кеңеш бүгүн “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорду жабык талкуулады. Соңунда документти көпчүлүк жактырып, эртеңки жыйында үч окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү. Буга чейин парламенттин бир катар тиешелүү комитеттери бул документти колдогон болчу.

Өкмөт АКШнын транзиттик жүк ташуучу базасы тууралуу АКШ өкмөтү менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорду парламентке өткөн айда жөнөткөн. ТИМ мыйзам кабыл алынгандан кийин президент ага келерки жылдын башына чейин кол коюп, АКШны расмий кабардар кылуусу керектигин маалымдаган эле.(EBM)

XS
SM
MD
LG