АКШнын мамлекеттик департаменти адам аткезчилиги боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Өзбекстан, Орусия жана Иранда кулчулук проблемасын жоюуга аракет жасалбайт. Ушундан улам АКШ жаза ирээтинде бул өлкөлөрдө буга чейин көрсөтүп келген жардамын кыскартышы мүмкүн.
Андан кийинки орунда Ооганстан, Украина, Албания, Беларусь жана Түркмөнстан турат. Кыргызстан менен Казакстан кулчулукка каршы аракет көргөн мамлекеттер катарына кошулган.
АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын 27 миллиондой адам кулчулуктун курмандыгы болот. (EBM)