Баткенде өзбек чек арачыларынын кыргызстандык жаранды атып салганына байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иш козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тартип коргоо органдарынан кабарлашты. Кылмыш иш "өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" жана "автоунааны тартып алуу" беренелеринин негизинде козголду.
19-июндан 20сына оогон түнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Гүлпиян айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып салган. Күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган эки жүздөй киши бүгүн Гүлпиянга жыйылып бир жарым саат жол бууган. Маркумдун артында беш баласы жетим калды, кенжеси бир жашта. (JsA/RK)