Бүгүн Кара-Балта шаардык админстрациясынын алдында күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин ачкачылык акциясы башталат. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Рафаэль Гарипов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, алар 18-июнда Бишкекте башталган ачкачылык акциясына чыккандарга колдоо максатында ушундай кадамга барууда.
Ардагерлер 1996-жылдан бери өкмөт тамак-аш үчүн кошумча каражатты төлөбөй жатканына нааразы болуп келт. Гариповдун маалымдашынча, тамак-аш үчүн кошумча каражат албаган 5,6 миңге жакын ардагер бар. Алардын 800дөн ашыгы сотко кайрылган. Өкмөт бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. (EBM)