Бүгүн Нарын шаарында Жаштар борборунда аймактагы инвестициялык абал тууралуу форум болот. Ага чет өлкөлүк инвестициялык жана соода компаниялардын өкүлдөрү, ишкерлер, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү чакырылган. Ошондой эле Жогорку Нарын каскадын кура турган орусиялык компаниянын өкүлдөрү катышмакчы. Уюштуруучулардын маалымдашынча, негизинен туризм, жер иштетүү, балык чарбачылыгы жаатындагы долбоорлор талкууланат. (EBM)