Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Facebook Instagram үчүн видео тиркеме чыгарды


Facebook социалдык түйүнү Instagram сервисине кыска видеолорду жүктөөгө жол ачкан жаңы тиркеме киргизилгенин маалымдады. Бул саамалык Twitter микроблогуна атаандаш болмокчу.

Android программалык камсыздоосунда иштеген айфон, телефондор үчүн даярдалган бул саамалыкты Facebook менен Instagramдын түзүүчүлөрү Марк Цукерберг менен Кевин Систр жарыялады. Ага ылайык эми 15 секундалык видеороликтерди жүктөөгө болот. Тиркемеде ошондой эле өң-түсүн оңдоо мүмкүнчүлүгү бар.

Сүрөттөрдү бекер жүктөп, алмашууга мүмкүнчүлүк берген Instagram 2010-жылы октябрда ишке кирген. Жылдык аудиториясы 130 миллион адамды түзөт. Аны Facebook былтыр апрелде 1 миллиард долларга сатып алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG