Ошто 2010-жылдагы июнь коогасынын үч жылдыгына карата “Мезгил дарылайт” аттуу кыска метраждуу көркөм тасма тартылды. Анда калабада жабыр тартып жакынын жоготкондордун коогалаңдан кийинки тагдыры чагылдырылган. Бул тууралуу тасманын режиссеру Рысбек Жабиров “Азаттыкка” кабарлады.
Тасма 25-июндан тарта чоң экранга чыгат. Фильмде Оштогу Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын, Бабур атындагы Өзбек драма театрынын жана Алай райондук театрынын артисттери ойногон.
Тасмада калаба учурунда жакынын жоготкон эки кошунанын жашоосу сүрөттөлөт. Режиссердун айтымында, көркөм фильм адамды сабырдуулукка, ынтымакка чакырат. Фильм кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын баш кошуусу менен аяктайт.
33 мүнөттүк тасманы тартууга 348 миң сом каражат жумшалган. (SE/RK)