Өткөн түнү Бразилиянын 100дөн ашуун шаарындагы нааразылык митингдерине чыккандардын саны бир миллиондон ашты. Бир топ жерлерде полиция менен демонстранттардын тирешүүлөрү болуп, Сан-Паулу штатында бир киши көз жумду. Рио-де-Жанейродо полиция элди таркатыш үчүн көздөн жаш чыгарчу газ чачты. Баш калаа Бразилияда демонстранттар Тышкы иштер министрлигин басып алганга аракет кылышты.
Президент Дилма Русеф бүгүн абалды министрлер кабинети менен чукул жыйында талкуулап жатат.
Бразилияда нааразылык коомдук транспортко жол кире кымбаттай турганы чечилгенден кийин башталган. Кийинчерээк бир топ шаарларда бул чечимден бийликтер баш тартканына карабай, демонстранттар эми жалпы өкмөттүн ишине нааразылык билдиришүүдө. Алар келерки жылы футбол боюнча өтө турган дүйнөлүк чемпионат жана 2016-жылга белгиленген Олимп оюндары үчүн курулуш иштериндеги коррупцияга каршы экенин айтышты.