Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Түркия Казакстанда терроризм үчүн айыпталган кишини Астанага өткөрүп берди

Казакстандын Атырау облустук прокуратурасы бул шаарда 2011-жылдын октябрындагы эки жардыруу үчүн айыпталып, издөө жарыяланган киши 19-июнда мекенине жеткирилгенин билдирди. Ошол жардыруулардын бирин жанкечти жасаган болчу.

Өткөн жылы Атырауда ал террор актылары үчүн айыпталган 47 киши узак мөөнөткө түрмөгө отургузулган. Өзүн “Жунд-ал-Халифат” (же “Халифаттын жоокерлери”) деп атаган ооган-пакистан чек арасында түзүлгөн топ ошол жардырууларды жасаганын интернет аркылуу билдирген.

Былтыр декабрда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети бул топ өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет деп тапты.
XS
SM
MD
LG