Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:45

Ош: жаштар арасында мини футбол мелдеши башталды


Бүгүн Ош шаарындагы жаштар арасында мини футбол боюнча мелдеш старт алды. Аны Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгы Ош мэриясынын жаштар комитети менен бирге уюштуруп жатат. Башкармалыктын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, бул спорттук иш-чара жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартипти жөнгө салуу, Мекенди сүйүү, улуттар аралык биримдикти чыңдоо, сергек жашоого үндөө жана күч түзүмдөрү менен коомчулуктун мамилесин жакшыртуу максатын көздөйт.

Мелдеште Ош шаарындагы күч түзүмдөрүнүн, мекеме-ишканалардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар беттешет. Оюнчулардын курагы 18-29 жаш. (SE)

XS
SM
MD
LG