Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

ЦРУнун мурдагы кызматкери Гонконгдон Москвага жол тартты


АКШда жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун эки программа тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарып жиберген Эдвард Сноуден орусиялык «Аэрофлоттун» учагы менен Гонконгдон Москвага жол тартканы белгилүү болду. Ал түшкөн учак Москва убактысы боюнча кечки бештен он беш мүнөт өткөндө конот.

Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Сноуденге байланыштуу маалыматы жоктугун "Рейтер" агенттигине айтты.

Кытайлык South China Morning Post гезити Сноуден Эквадор же Исландияга барып токтошу мүмкүн деп жазып чыкты.

Буга чейин АКШ Кытайдын бийликтеринен Сноуденди өткөрүп берүүнү талап кылган. Ага өз мекенинде тыңчылык жана мамлекеттик мүлктү уурдаган деген кине коюлууда. Орусия болсо эгер Сноуден башпаанек сурап кайрылса, анын өтүнүчү карала турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG