Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Искендер Бакиевдин кеңсесинен уурдалган буюмдар табылды


Бул тууралуу талап-тоноочулук боюнча түзүлгөн тергөө топтун жетекчиси Асылбек Чекиров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, топ учурда талоончулукка байланыштуу 10 дооматты иликтеп жатат. Анын бирөө мурунку президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиевдин кеңсесинен талоончулук боюнча табылган буюм-тайымдар. Чекиров буюм-тайымдар кайдан, кимден табылганы тергөө бүткүчө айтылбай турганын белгиледи.

Мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөлөрүнө байланыштуу өткөн айда Башкы прокуратура 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти кайра жандандырган. Ага ылайык, мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн эле.

Ушул жылдын февраль айында талоончулукту иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов апрелдеги мародерчулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Былтыр август айында ИИМ “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына байланыштуу ишти кыскарткан болчу.

Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан Абдулла Юсупов талоончулукка "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин тиешеси бар деп билдирип чыккан. Буга байланыштуу парламент депутаттык комиссия түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG