Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Бишкек: жарандык активисттер Өзбекстандан кун талап кылды


Бишкекте Өзбекстандын элчилигинин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров баштаган 5 чакты адам нааразылык акция өткөрдү. Алар Кадамжайда өзбек чек арачылары атып өлтүргөн кыргыз жараны үчүн Ташкенттен кун төлөп берүүнү, бул иш мыйзам чегинде иликтенип күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Алар кара түстөгү кол чатыр кармап турушту. Муну Өзбекстандын коңшусуна жасаган маанай-мамиленин өңү деп түшүндүрүштү.

19-июндан 20сына караган түнү Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок атылганын билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG