Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Мушарафка мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып тагылды


Пакистандын өкмөтү өлкөнүн мурдагы аскер башчысы Первез Мушараф боюнча иликтөө башталганын жана ал мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыпталып жатканын жарыялашты. Премьер-министр Наваз Шариф парламентте сүйлөгөн сөзүндө Мушараф өлкөгө чукул кырдаал абалын киргизгени үчүн, Жогорку Соттун судьяларын 2007-жылы мыйзамсыз кармаганы үчүн сот алдында жооп бериши керектигин жарыялады.

Оставкадагы генерал жылдын башында өлкөгө кайткан, азыр үй камагында отурат. Аталган кылмыш үчүн Пакистанда өлүм жазасы, же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. (AiK)

XS
SM
MD
LG