Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Сноуден Гаванага учкан жок


АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден - Москвадагы "Шереметьево" аэропортунун транзиттик борборунда. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС маалымат агенттигине аэропорттун коопсуздук кызматынан кабарлашты. Сноуден бар болушу мүмкүн делген "Аэрофлот" авиакомпаниясына тийиштүү учак Москвадан Кубага учуп кетти. Учак Гаванага 25-июнь күнү Москва убактысы боюнча үчтө конот. Бул рейске билет сатып алган журналисттер учактын ичинде Сноудендин жок экенин айтышкан.

Эквадордун Орусиядагы элчиси жекшемби күнү Сноуден менен жолукту. Эквадордун тышкы иштер министри Рикардо Патино буга чейин өкмөт Сноудендин башпаанек боюнча арызын “анализдеп” жатканын билдирген.

Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Мындан кийин АКШ Сноуден жашырынып жүргөн Гонконгдун бийликтеринен аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Гонконг болсо андан баш тарткан. Сноуден АКШга өткөрүлсө, өз аракети үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн. (AiK)

XS
SM
MD
LG