Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Көкөмерен суусуна агып кеткендердин арасында эки кытай жараны бар


Кыргызстандык куткаруучулар Чүйдөгү Көкөмерен суусуна агып кеткен төрт кишини издеп жатат. Алардын экөө кытай жараны экенин "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 23-июнда кечинде Кочкор - Арал - Төө-Ашуу унаа жолунун 168-чакырымында Toyota Land Cruiser унаасы жол кырсыгына учурап, Көкөмерен суусуна түшүп кеткен. Ичинде айдоочудан тышкары төрт жүргүнчү болгон. Алардын бири - Искра айылынын тургуну Арзмани Смаров өз күчү менен суудан чыга алган. Учурда ал Суусамыр айылынын ооруканасында жатат. Дарыгерлердин айтымында, башы жарылып, кабыргасы сынган. Кырсыкка кабылгандардын экөө кытай жарандары экени аныкталды. Сууга чөгүп кеткендерди издөө уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG