Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Мадылбеков: Уулума коюлган айып тергөө учурунда далил тапкан эмес


"Атамекенчи" депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековго карата козголгон кылмыш иш тергөө учурунда далилденген эмес. Бул тууралуу депутат бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Ал уулун тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм өзүнүн саясый ишмердүүлүгүнө байланыштуу гана чыгарылганын, адвокат сөзсүз эми шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылаарын кошумчалады.

Өткөн жылдын сентябрында “атамекенчи” депутат Турат Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков “Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар” деген шек менен кармалган.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 9 жылга кести. (RK)

XS
SM
MD
LG