Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Баш прокуратура: Үч депутатты актаган өкүмдө күмөн туудурган жагдайлар бар


"Ата-Журт" партиясынын үч депутатын актоо боюнча шаардык соттун өкүмүндө күмөн жараткан айрым жагдайлар бар. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратура кабарлады. Ошондой эле шаардык сот өкүм чыгарган жыйындын протоколун али күнчө прокурорлорго көрсөтө элеги, мунун өзү мыйзам бузуу экени айтылат. Баш прокуратура протоколду дыкат изилдеп, зарыл болсо ага карата эскертүү киргизүү керектигин айтууда.

Өкүм боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз даярдалганы, бирок жогоруда айтылган себептен улам прокурорлор бул укугун ишке ашыра албай жатканы да айтылды.

Баш прокуратурадан "Азаттыкка" кабарлашакандай, көзөмөл арыз менен кайрылууга мыйзам бир жыл убакыт берет.

Бул маселе боюнча сот тарап азырынча комментарий бере элек.

Былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган "атажуртчу" депутаттр Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду райондук сот 1-1,5 жылга кескен. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG