Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Иванишвили: Саакашвили камакка алынышы мүмкүн


Грузияда өкмөт башчысы Бидзина Иванишвили кызматынан кеткен соң президент Михаил Саакашвили камакка алынышы мүмкүн экендигин билдирди. Бүгүн Иерусалимде кабарчылар менен жолуккан Иванишвили «мыйзам баарына бирдей, эч ким андан сырткары калышы керек эмес» деди. Иванишвили ошондой эле Саакашвили «алдаганга маш» экендигин кошумчалады.

Былтыр октябр айындагы парламенттик шайлоодо Иванишвилинин "Грузиянын кыялы" коалициясы жеңип алгандан кийин, Саакашвилинин бир нече шеригине айып коюлуп, алардын ичинде мурдагы өкмөт башчысы Иване Мерабишвили бир катар оор айыптоолор менен өткөн айда камакка алынды.
XS
SM
MD
LG