Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Укук коргоочу Т.Исмаилова Бишкекке кайтып келди


Ташкенден артка чукул кайтууга аргасыз болгон кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Бишкекке бүгүн Алматы аркылуу келди.
24-июнда кечинде Өзбекстанга франциялык төрт өнөктөшү менен чогуу укук коргоочулук миссиясын аркалап барган Төлөйкан Исмаилованы чекарачылар өлкөнүн ичине киргизбей коюшкан. Буга укук коргоочунун “кара тизмеге” кирип калышы себеп болгон деп билдирди “Азаттыкка” Кыргызстандын Өзбекстандагы өкүлү Канатбек Шаршенбек. Укук коргоочу Өзбекстан тараптан “кара тизмеге” алынышына 2009-жылы жергиликтүү эки укук коргоочунун таламын талашкандыгы себеп болушу мүмкүн деп болжойт.
Төлөйкан Исмаилова “Бир дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылынын төрайымы жана Евразияда фундаменталдык эркиндиктерди коргоо коалициясынын өкүлү.

XS
SM
MD
LG