Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Акыйкатчы парламентке отчет берет


Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн парламентке былтыр жасалган иштери боюнча отчет берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Ушул айдын башында парламент депутаттары Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзгөн. Алгач депутаттар аталган комиссиянын корутундусун талкуулашып, андан соң акыйкатчынын отчетун угушат. Жогорку Кеңеш акыйкатчыны "мыйзамдагы ууру" саналган Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошоп кетишине тиешеси бар деп кызматтан алууну сунуштаган. Акун өзүнө коюлган дооматты четке кагып, аны кызматтан алуу тууралуу мыйзамсыз чечим кабыл алынганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG