Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

АКШ Орусияны Сноуденди өткөрүп берүүгө чакырды


АКШ орус бийлигин Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденди өткөрүп берүүгө чакырды. Шейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Сноудендин Москвадагы “Шереметьево” аба майданынын транзиттик зонасында экенин тастыктап, АКШнын аны өткөрүү боюнча сунушун четке каккан. Мындан соң Мамлекеттик департаменттин өкүлү Патрик Вентрел Орусиядан Сноуденди өткөрүп алууга бардык укуктук негиздер бар экенин билдирип чыкты.

Андан мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шейшембиде орус бийликтерин Сноуденди өткөрүп берүүгө чакырып, Вашингтон бул маселенин айынан Орусия менен мамилени бузуу ниети жок экенин айтып чыккан. Ал эми Республика партиясынан сенатор Жон Маккейн бул кырдаалда президент Барак Обаманын позициясын сындап, Москва менен бардык мамилени кайрадан карап чыгууну талап кылды.

Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Сноуден америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. АКШнын аны өткөрүп берүү талабынан буга чейин Гонконг бийлиги баш тарткан болчу. Ушундан кийин Сноуден Москвага учуп келген.

XS
SM
MD
LG