Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

"Эркиндик үнү" порталында кыйноолорго каршы бөлүм ачылды


"Эркиндик үнү" деп аталган укук коргоо порталында кыйноолорго каршы атайын бөлүм ачылды. Анда Кыргызстандын абактарында кыйноого кабылган жарандардын окуялары жазылган. Алардын айрымдары каза болгондор. "Эркиндик үнүнөн" "Азаттыкка" кабарлашкандай, муну менен укук коргоочулар бийликтегилерге жана тартип коргоо органдарына кыйноо проблемасы Кыргызстанда күч болуп турганын эскертүү аракетин жасоодо.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстандын жабык жайларында, айрыкча милициянын убактылуу кармоочу жайында денесине залака келтирип жана моралдык жактан кыйноо факттары көп кездешет. (RK)

XS
SM
MD
LG