Бүгүн Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстандын коргоо министрлери жана Өзбекстандын коргоо министринин биринчи орун басары катышты. Жыйында аймактагы коопсуздук маселелери талкууланып, келерки эки жылга иш-пландар аныкталды. Кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана антитеррордук машыгууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.
ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Аталган уюм 2001-жылы Шанхайда түзүлгөн. Максаты - аймактагы коопсуздук, экономика, илим-билим жана маданият жаатында кызматташуу. (RK)